Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коомдук кеңеши коомдук угууга катышты.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коомдук кеңеши, министрлик уюштурган коомдук угууга катышты.

Коомдук угуу 2019-2021 жылдарга бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоорлорун, ошондой эле республикалык бюджеттин бөлүгү болуп саналган кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге программалык негизде бюджеттерди сапаттуу жана өз убагында түзүү максатында уюштурулган.

Иш-чарада кеңештин төрагасы Жумабек Акматов баш болгон бир нече мүчөлөр бюджеттик программаларды талкууга алып, бир топ маселелер боюнча сунуштарын киргизишти.

Жыйын Ош-Бишкек шаарларында он - лайн түрүндө өттү.


добавлен: 18.05.2018 11:59
просмотров: 304