Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Разаков: Коомдук кеңештер мамлекеттин натыйжалуу куралдарынын бири.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүн, 10-июлда Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.

Кеңешменин жүрүшүндө Коомдук кеңештин мүчөлөрү милициянын көчмө кабылдамалары, ички иштер органдары тарабынан жарандарды кабыл алуу, инспекторлордун милдеттери, полиция жөнүндөгү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тууралуу маселелер талкууланды.

Разаков өз сөзүндө, мамлекеттик органдарга караштуу мындай кеңештердин иш алып баруусу мамлекеттин жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу аспаптарынын бири болуп саналаарын белгиледи.

«Жалпы укук коргоо тутумун, анын катарында ички иштер органдарын реформалоо жаатында ар бир жарандын пикири биз үчүн абдан маанилүү. Анткени, укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугу көбүнчө коомчулуктун пикиринен көз-каранды», – деди вице-премьер-министр.

Жыйынтыгында Ички иштер министрлигине бир айлык мөөнөттө кылына турган тапшырмалар берилди.


добавлен: 10.07.2018 22:08
просмотров: 409