Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерине сынак тууралуу жарыя.

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) төмөнкү мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жаңы/учурдагы курамына коомчулук өкүлдөрүн, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, министрлик жана административдик ведомстволордун ишмердүүлүгүнө тийиштүү тармактардын экспертик чөйрөсүнүн, кесипкөй жана тармактык уюмдардын өкүлдөрүн кошумча сынакка тандоо үчүн документтерди кабыл алуусу тууралуу жарыялайт:

2019-жылдын 14-июнуна чейин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» КР Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык жана Коомдук кеңештердин буга чейинки курамынын иши аяктагандыгына байланыштуу төмөнкү Коомдук кеңештерге сынак жарыяланат:

  1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин КК;
  2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин КК;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын КК;
  4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын КК;
  5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын КК;
  6. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин КК;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги КК;
  8. Кыргыз Республикасынын  Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин КК;
  9. Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын КК;
  10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун КК.

 

Эскертүү: Бир уюмдан тигил, же бул коомдук кеңешке бир гана адам шайланышы мүмкүн. Бир эле адам бир гана коомдук кеңешке мүчө болуп шайлана алат.

 

Коомдук кеңештин курамына киргизүү үчүн талапкерлер жарандар жана уюмдар тарабынан, ошондой эле жарандардын өзүн өзү көрсөтүү жолу менен сунушталышы мүмкүн.

 

Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө мурда соттолбогон, Кыргыз Республикасынын иш-аракетке жөндөмдүү жараны талапкер боло алат. Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө талапкер төмөнкү критерийлерге ылайык келиши керек:

1)   коомдук кеңеш түзүлүп жаткан министрликтин жана администрациялык ведомствонун жетекчилиги (жетекчиси же анын орун басарлары) менен жакын туугандык мамиледе болбошу;

2) коомдук кеңеш түзүлүп жаткан ошол министрликке жана администрациялык ведомствого тикелей көз каранды болбошу (лицензияны алуучу, контракттын негизинде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү жана у.с.);

3 мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болбошу;

4) кынтыксыз ишкерлик кадыр-баркка ээ болушу; 

5)  тиешелүү министрликтин жана административдик ведомствонун ишин жакшыртуу боюнча көз караш, идеялар же сунуштар болушу керек;

6)  активдүү коомдук ишмердик жүргүзүү, жарандык демилгелер тажрыйбасы болушу керек.

Сынакка катышуу үчүн талапкер Комиссияга төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш (жазуу түрүндө жана мамлекеттик же расмий тилинде сунушталат):

1)  Талапкерди тиешелүү коомдук кеңештин курамына киргизүү жөнүндө сунушу, бул талапкерди коомдук кеңештин курамына киргизүү үчүн негиздер, жүйөлөр камтылып Комиссияга даректелген жарандын же юридикалык жактын же жарандык жана/же юридикалык жактардын бирикмелеринин өзүн өзү көрсөтүүсү жөнүндө арызы же каты;

2)  билими, кесипкөйлүк жана коомдук ишмердүүлүк тажрыйбасы, талапкердин туулган жылы жана жери (күнү/айы/жылы, айыл/шаар, район, облусу), байланыш маалыматтары (дареги, телефон номери, электрондук дареги) көрсөтүлгө, өмүр баяны (резюме) сынакка документ тапшырууга чейинки 6 айдан берки сүрөтү менен маалыттар;

3)   талапкердин коомдук кеңешке өз катышуусу тууралуу көз карашы.

4) 2 сунуштама кат.

Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

1)   720003, Бишкек ш., Абдумомунов көч. 207 («Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү» белгиси менен) же osgo@mail.gov.kg электрондук почтасы аркылуу:

2) конкреттүү мамлекеттик органды белгилеп, «коомдук кеңешке сынакка» белгиси менен (PDF форматында көлөмү 5 МВдан ашпаган бир файл түрүндө) жөнөтүү сунушталат.

Коомдук кеңештерге шайлануу үчүн «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга ылайык келбеген документтерди тапшырган талапкерлер сынакка киргизилбейт.

 


добавлен: 27.05.2019 21:20
просмотров: 466