Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин курамына талапкерлерди кошумча конкурстук тандоо жөнүндө КУЛАКТАНДЫРУУ

“Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 11-пунктуна ылайык Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия
(мындан ары - Комиссия) коомчулуктун, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, бизнес-ассоциацияларынын, кесиптик жана тармактык бирликтердин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволорунун иши менен байланышкан чөйрөлөргө таандык болгон эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрүн төмөнкү мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жаңы/негизги курамына шайлоо үчүн талапкерлерди - аялдардыкошумча тандооконкурсуна документтерди кабыл алуу жөнүндө кулактандыруу берет:

- Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы.

 

Коомдук кеңештердин мүчөлөрү 2 жылдык мөөнөткө шайланат.

Бир уюмдан тигил же бул коомдук кеңешке бир гана адам шайланышы мүмкүн. Бир эле адам бир гана коомдук кеңешке мүчө болуп шайлана алат.

Коомдук кеңештин курамына киргизүү үчүн талапкерлер жарандар жана уюмдар тарабынан, ошондой эле жарандардын өзүн өзү көрсөтүү жолу менен сунушталышы мүмкүн.

Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө соттолгондугу жок, Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жараны талапкер боло алат. Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө талапкер төмөнкү критерийлерге ылайык келиши керек:

1) коомдук кеңеш түзүлүп жаткан министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомствонун жетекчилиги (жетекчиси же анын орун басарлары) менен жакын туугандык мамиледе болбошу;

2) коомдук кеңеш түзүлүп жаткан министрликке, мамлекеттик комитетке жана административдик ведомствого тикелей көз каранды болбошу (лицензияны алуучу, контракттын негизинде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү ж.б.);

3) мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болбошу;

4) кынтыксыз иштиктүү кадыр-баркка ээ болушу;

5) тиешелүү министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомствонун ишин жакшыртуу боюнча көрө билүүсү, идеялары же сунуштары болушу;

6) коомдук ишти активдүү жүргүзүшү, жарандык демилгелер тажрыйбасына ээ болушу.

 

Конкурска катышуу үчүн талапкер Комиссияга төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

1) жарандын өзүн өзү көрсөтүүсү жөнүндө арызы же юридикалык жактын же болбоco жарандар бирикмелеринин жана/же юридикалык жактардын алардын негизинде бул талапкер коомдук кеңештин курамына киргизүү үчүн сунушталган жүйөлөрү менен талапкерди тиешелүү коомдук кеңештин курамына киргизүү жөнүндө Комиссияга даректелген катты;

2) конкурска документтерди бергенге чейин 6 айдан эрте эмес жасалган фотосүрөтү талапкердин билими, кесиптик ишиндеги тажырыйбасы жана коомдук иши, туулган датасын жана жерин (кун/ай/жыл, айыл/шаар, район, облус) көрсөтүү менен автобиографиялык маалыматтар (резюме сүрөтү менен), байланыш маалыматтары (дарек, телефон номер, электрондук почта);

3) талапкердин коомдук кеңештин ишине катышуусунда өзүнүн көрө билүү сыпаттамасын;

4) экиден кем эмес сунуштама катты.

Конкурска катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

почталык индекс: 720003, Бишкек ш., Абдумомунов көчөсү, 
207 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмү» же osgo@mail.gov.kg  электрондук дарегине «Коомдук кеңештин курамына өткөрүлүүчү конкурс» деген белги коюу менен конкреттүү мамлекеттик органды көрсөтүлөт (5 МB көлөмүнөн ашпаган,  PDF форматында, бир файлда тариздөө сунушталат).

Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча тапшырылган документтер “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга шайкеш келбеген учурда талапкерлер Комиссиянын чечими менен конкурска катышуудан четтетилет.

 

Конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу 
2020-жылдын 26-июнунда аяктайт.

 


добавлен: 26.05.2020 06:17
просмотров: 523