Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Жогорку аттестациялык комиссиясы коомдук кеңеш түзүү демилгесин көтөрдү

Бүгүн, 29-декабрда, Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары Бакыт Тыналиева комиссия алдында коомдук кеңеш түзүү сунушу менен аталган кеңештердин Координациялык кеңешине кайрылды.

Ушул жылдын май айында, Кыргыз Республикасынын Коргонуу кеңеши аталган комиссиядагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу планын кабыл алган. Планда коррупция менен күрөшүү максатында коомдук кеңеш түзүү сунушу камтылган.

Б.Тыналиеванын айтымында, комиссияда коомдук кеңеш 2011-жылы түзүлүп, бирок үч жылдан кийин жоюлуп кеткен:

“Коомдук кеңештердин максаты - мамлекеттик органдардагы коррупция менен күрөшүү, алардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкын, так болушун камсыз кылуу. Андыктан, биз комиссиянын ишине объективдүү баа берүү үчүн коомдук кенеш түзүү демилгесин көтөрүп жатабыз”.

Координациялык кеңештин билдиришинче, бул маселе боюнча жакын арада Премьер-министрге кат жолдонгону жатат.


добавлен: 29.12.2016 15:16
просмотров: 473