Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Коомдук кеңештерге мүчөлүккө сынак уланууда

Сынакка бизнес чөйрөсүндөгүлөр, эксперттер, өкмөттүк эмес уюмдар менен ар кандай ассоциациялардын өкүлдөрү катыша алышат.

Маалым болгондой, отуз алты мамлекеттик органдын коомдук кеңеш мүчөлөрү 2 жылга тандалат. Сынакка катышуу үчүн арыз, резюме, коомдук кеңеште кандай иштерди аткарып, кандай аракеттерди көрөөрү тууралуу кыскача баяндама жана эки адамдан рекомендациялык кат керектелет. Мүчөлөрдү атайын комиссия тандайт.

Коомдук кеңештерге жашы он сегизден жогору, мурда соттолбогон, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебеген жаран мүчө боло алат. Сынак тууралуу кененирээк www.osgo.kg сайтынан билсе болот.

http://fakt.kg/?p=28784

 

добавлен: 11.01.2017 16:48
просмотров: 519