Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Мамлекет ВИЧ менен күрөшүүгө каражат бөлбөсө, миндеген өлүмдөр орун алат

ишкек, 31-январь.Саламаттыкты  сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиевдин айтымында,  учурда донорлор ВИЧ жана кургак учук менен күрөшүүгө бөлүнгөн каражатты кыскартууда.

 

“Глобалдык фонд 2018-2020- жылдарга аталган илдеттер менен күрөшүүгө жылына 3,7 млн.доллар бөлдү. Бул, мурдагыга салыштырмалуу эки эсе аз. Мындай шартта мамлекет ВИЧти дарылоого бюджеттен каражат караштырбаса, 4-5 жылдан кийин илдеттен каза тапкандардын саны жыйырма миңден ашып кетиши мүмкүн”, – дейт коомдук кеңештин төрагасы.

Анын айтымында, коомдук кеңештин эсеби боюнча, илдет менен ийгиликтүү күрөшүү үчүн,донорлор берген каражатка кошумча, мамлекет жылына 1,5 млн. доллар бөлүшү зарыл. Ушул учурда гана СПИД менен күрөш – дары, ийнелерди сатып алуу, адистерди окутуу, оорулууларга психологиялык, социалдык колдоо көрсөтүү толук кандуу жүрөт.

fakt.kg


добавлен: 31.01.2017 14:56
просмотров: 547