Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Экономика министирлигинин жаңы коомдук кеңеши ишке кирди

Экономика министрлигинин жаңы коомдук кеңеши ишке кирди. Бул тууралуу мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин Координациялык кеңешинен билдиришти.

 

Коомдук кеңештин үчүнчү чакырылышына жарандык коомдон тогуз адам шайланган. Алардын көбү экономика жана каржы жаатындагы эксперттер.

10-февраль күнү  өткөн жыйында кеңештин төрагасы болуп, Франциядагы П.М.Франс атындагы университеттин докторанты, көз карандысыз экономист Нурадил Раимбеков шайланды.

Кеңеш мүчолөрү төраганын орун басары катары юрист Ноокат Идирисовду шайлашты.

Жаңы түзүлгөн коомдук кеңеш Экономика министрлигинин иш-планы менен таанышып, ага утурлай өз планын иштеп чыгат. Ошондой эле кеңеш мүчөлөрү “Коомдук кеңештер” тууралуу мыйзамдын негизинде, министрликтеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу, калкка кызмат көрсөтүүнүн денгээлин жогорулатуу жана жетекчиликтин чечимдеринин сапатын жакшыртууга көмөк көрсөтөт.

Маалымат үчүн: Мамлекеттик органдардын коомдук кеңешине 18 ге толгон, мурда соттолбогон, мамлекеттик же муниципалдык кызматта турбаган жаран мүчө боло алат.


добавлен: 10.02.2017 16:14
просмотров: 478