Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Каттоо кызматынын коомдук кеңешинин мүчөсү М.Бексултанов

Февраль 13, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы

 

Кечээ,12-февралдан тартып, өкмөттүн сырттан келген жаңы автоунааларды каттоого тыюу салган токтому күчүнө кирди.

Ага ылайык, ЕАЭБ аймагынан башка өлкөдөн келген автоунаалар каттоодон өтө албайт. Эгер автоунаага карата коопсуздук күбөлүгү жана ЕАЭБ лабораторияларынан каттоодон өтпөсө айдоочу машинасын колдоно албайт. Токтомдун күнгөй тескейин мамлекеттик каттоо кызматынын коомдук кеңешинин төрага орун  басары Манас Бексултанов айтып берди.

-Бул  токтомду түшүндүрүп берсеңиз. Буга чейин сырттан келген автоунаалардын абалы кандай болот?

—  Бул токтом четтен келген автоунааларды киргизүүдөн мурда сындан өткөрүү катары киргизилген. А бирок мындай мыйзамдарды жана стратегиялык пландоо иштерин кабыл алуудан мурда, бул мыйзамдар элге кандай пайдасын берет деген суроону коюшубуз зарыл. Бүгүнкү күнү токтом коомчулуктун басымдуу бөлүгүнө жакпай турат. Анткени элдин пикири боюнча, токтомдун калк үчүн жакшы жактары аз болуп жатат.

 -Эмне үчүн буга чейин алдын ала маалымдалган жок. Эми бул коррупцияга жол ачпайбы?

—  Туура айтасыз! Бул жерде бюрократиялык жолдордун көбөйүшү тууралуу айтсак  болчудай. Унааны  бажыдан  өткөрүп, каттоого алаардан мурда экспертизадан өткөрүү керек болот. Натыйжада кайра эле мурдагыдай  коррупциялык жолдор пайда болушу мүмкүн. Лаборатория ким алып барат? Эгер  ата-мекендик ишкерлер алып бара турган болсо, алардын чөнтөгүнө акча түшөт…. Бул дагы суроо. Бул иш аягына чейин ойлонулбай калган. Бирок башка жагынан караганда, бул  ЕАЭБдин талабы болуп жатат. Андыктан, кайчы пикирлер бир топ болууда.

 

-Көптөрдүн бул тууралуу кабары жок экен. Токтомдун тарти-талабы кандай экени белгисиз.Анан бул токтомдун канчалык керек бар деген суроо болуп жатат?

Ооба,туура суроо берип жатасыз. Анткени адамдар өзүнө жакшы, пайдалуу нерсени колдоноюн дейт.Ал эми лаборатория боюнча айтсак, калкта ишеним жок болуп жатат.Экспертизаны жасаган күндө деле, Кыргызстанга мыкты автоунаалар келээри күмөн. Мисалы статистиканы карасак,жылдан жылга  бизге келген машинелердин саны азаюуда, ошондой эле чектөөлөр да бир топ коюлган. Автоунааны каттодон өткөрүү, бажы төлөмдөрү бийик болгондуктан, эл өзү эле машинени көп алып келбей калды.

-Бул ЕАЭБдин тапшырмасы болуп турат. Мында Кыргызстандын кызыкчылыгы тап-такыр байкалган жок. Лаборатория дагы Казакстандын Алма-Ата шаарында  болоору айтылып жатат. Кыргызстан өзү курууга дарамети жетеби?

— Өкмөттүн билдирүүсүндө, лаборатория Кыргызстанда болот. Бирок баарыбиз суроолор көп. Ошондуктан, менимче калктын кызыкчылыгы азыраак корголуп жатат.

Маегиңизге рахмат!

Кошумчалай кетсек,  пунктту камтыган токтомго өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков  2016-жылдын 27-декабрында кол койгон.


добавлен: 14.02.2017 12:00
просмотров: 473