Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


А. Жунушалиева: “Коомдук кеңештер” жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда.

2010-жылы Өкмөттүн жарлыгы менен, коомдук байкоочу кеңештер түзүлгөн. Кийинчерээк, 2014-жылы “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери тууралуу”  мыйзам иштелип чыгып, кеңештердин аталышы, максат-милдеттерине өзгөрүүлөр кирген.  Эми, аталган мыйзамды дагы жакшыртуу максатында ага өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү демилгеси көтөрүлүүдө. Бул тууралуу коомдук кеңештердин Координациялык кеңешинин ПР- адиси Айгул Жунушалиева билдирди.

“Белгилүү болгондой, коомдук кеңештердин максаты – мамлекеттик органдардын ишине байкоо салып, алардын ишин жакшыртууга көмөк көрсөтүү.  Башкача айтканда, алар мамлекет менен калктын ортосундагы көпүрө. Түзүлгөндөн бери, коомдук кеңештер бир топ жакшы жыйынтыктарды көргөзүүдө. Бирок көйгөйлөр да жок эмес. Андыктан, коомдук кеңештер тиешелүү мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү демилгесин көтөргөн. Учурда мыйзам долбоору иштелип бүтүп, даяр болду”,- дейт А.Жунушалиева.

Анын айтымында, өзгөртүүлөр кеңеш мүчөлөрүн тандай турган атайын Комиссиянын ишин дагы жакшыртуу максатын көздөйт.

“Учурда  кеңешке жарандар эки жылга шайланат. Кенеш мүчөсү ишти жаңыдан өздөштүрүп, анын чоо-жайын эми билип келе жатканда, кеңештин мөөнөтү бүтүп калат. Ошондуктан биз ал мөөнөттү экиден төрт жылга узартууну сунуштап жатабыз. Мындан тышкары, кенештин мүчөсүнүн ишин баалоо механизми да кирүүдө. Бул, жалпы кеңештин жана анын ар бир мүчөсүнүн иш сапатын жогорулатуу үчүн каралууда. Ошондой эле, учурдагы мыйзамга ылайык, Комиссия талапкердин документтери, жасай турган иши тууралуу эссесинин негизинде гана мүчөлөрдү тандайт. Жаңы өзгөртүүгө ылайык, талапкер сынакка өзү барып катышып, берилген суроолорго жооп бериши зарыл. Ошондон кийин гана аны тандоо тууралуу чечим чыгарылат”,- деп белгиледи А.Жунушалиева.

Координациялык кеңештин өкүлүнүн айтымында, ушул жана башка өзгөртүүлөр кабыл алынып калса, коомдук кеңештердин ишин жакшыртууга бир топ өбөлгө түзүлөт.

 


добавлен: 21.04.2017 11:43
просмотров: 535