Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Жол кырсыктарынын башкы себеби – жоопкерсиздик

Кыргызстанда акыркы убакта жол кырсыктарынын саны кескин өсүп кетти. Расмий маалыматтарда быйылкы үч айда эле жол кырсыгынан 148 адам ажал тапканы айтылууда. Мындай кырсыктардын башкы себептери, алардын алдын алуу чаралары тууралуу “Жол коопсуздугу” коомдук уюмунун директору, Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Чынара Касмамбетованы кепке тарттык.

- Чынара, акыркы убакта адам үрөйүн учурган жол кырсыктары байма-бай катталып жатат. Сиздин пикириңизче, жол кырсыктарынын көбөйүшүнүн себеби эмнеде?

- Биз бул маселе менен көптөн бери алектенип, изилдеп келебиз. Башкы себептердин бири – айдоочулардын жоопкерчиликсиздиги. Алардын жол эрежелерин бузуусу, айдоочулук маданияттын өтө төмөндүгү жана жол коопсуздугун камсыз кылган күчтөрдүн начар иштөөсү. Мындан тышкары инфраструктуранын начардыгын дагы айтар элем. Жолдордун абалы начар, жарыктандыруу көп жерде жок, жол чийиндери жана белгилер өчкөн, көрүнбөйт. Мына ушулар жол кырсыктарынын башкы себептери.

- Айдоочулардын жоопкерилигин айттыңыз. Демек, аларга көзөмөл жакшы болбой жатабы?

- Ооба, туура. Айдоочулар унаасын каалагандай айдашат. Видеофиксация шаарда орнотулган эмес. Ал бир гана жерде, тесттик режимде иштеп жатат. Майда-баратты мындай коёлу, жол эрежесин одоно бузгандар өтө көп. Мас абалында рулга отуруп алышат, ылдамдык эрежесини бузат, каршы тарапка  чыгып айдашат жана башкалар. Демек аларды тартипке чакыруу начар иштөөдө. Статистика боюнча, жол кырсыктарынын 80 пайызында күнөөлүү  бул -  айдоочу болуп саналат. Ошол эле убакта, жол эрежесин бузган айдоочу кармалган күндө дагы, көп иштер сотко чейин жетпей калып жатат.

- Бул маселеде мамлекеттин жоопкерчилиги канчалык?

- Бул комплекстүү маселе. Бизде мамлекеттик денгээлде түзүлгөн жол коопсуздугу боюнча комиссия бар. Ага тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү, эксперттер кирген. Комиссия аткарыла турган иштердин планын иштеп чыгып, ар бир министрликке берген. Ал тиешелүү мыйзамдарды кайра карап чыгуу, ар кыл иш-чараларды өткөрүү өңдүү маселелерди камтыйт. Бирок пландагы тапшырмалар берилгени менен, алардын аткарылышы көзөмөлгө алынган жок.

- Акыркы жылдары жол эрежелерин бузгандарга салынчу айып пулдун өлчөмү көбөйдү. Бул жолдогу мыйзам бузууларды азайтат деген максатта жасалган болчу. Бирок ал дагы жол кырсыктарын азайтууга өбөлгө боло алган жок окшойт...

- Айып пулдун өлчөмү кескин түрдө 2015-жылы көтөрүлгөн. Бирок айып пулду көбөйтүп койсок эле, кырсыктар азая калат деген туура эмес. Анткени жол кырсыктарынын себептери көп болуп жатпайбы. Ошол эле инфраструктуранын абалы начар, унаа айдаганды үйрөткөн мектептердеги билим берүүнүн сапаты, жалпы айдоочулардын маданиятынын төмөн болушу жана башкалар. Бирок ошентсе дагы, мисалы мас абалында машинесин айдаганы үчүн айып пул кескин көбөйгөн, ал эми статистиканы карасак, жылдан-жылга ичимдик ичип, рулга отургандардын саны азайып бара жатат. Демек, бул чечим аздан болсо да өз жемишин берип жатат деп айтсак болот.

- Айып пулдун өлчөмү көбөйгөнү менен, жол эрежелерин бузгандар пара берип, кутулуп кетип жатышпайбы. Бул маселени кантип чечсек болот?

- Туура айтасыз, пара алуу, пара берүү маселеси канчадан бери чечилбей келе жатат. Анткени видеофиксация деген жок. Аны чечебиз десек, жол кайгуул кызматкерлеринин айлык маянасын көтөрүшүбүз керек. Болбосо болбойт. Аларда кадрлар өтө бат алмашат, кызматкерлер жетишсиз. Бул кызматты өтө күчтөнтүшүбүз керек эле, бирок тилекке каршы, реформа болбой жатат.

Айгуль Жунушалиева.
  

 
 

 


добавлен: 28.04.2017 15:39
просмотров: 877