Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери
Общественные советы государственных органов Кыргызской Республики
Public Councils of State Bodies of the Kyrgyz Republic
 


Эми байкоочу кеңештердин ар бир мүчөсү 4 жылга шайланат.

Коомдук байкоочу кеңештер тууралуу учурда иштеп жаткан мыйзам 2014-жылы кабыл алынган. 3 жыл ичинде бир топ кемчиликтер болгондуктан өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Учурда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева атайын мыйзам долбоорун иштеп чыгып сунуштады.


Жаңы иштелип чыккан мыйзам, коомдук байкоочу кеңештердин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. Киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу айтсак, ар бир коомдук байкоочу кеңештин мүчөсү 4 жылга шайланат. Ошондой эле, эми жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, коомдук байкоочу кеңештердин мүчөлөрү өзүн-өзү баалоо системасына өтүшөт. Мыйзам демилгечиси депутат Аида Касымалиеванын айтуусунда, учурда мамлекеттик органдардын коомдук байкоочу кеңештеринин статусун жогорулатуу керек. Коомчулук алардын аткарып жаткан иштеринен кабардар болуп туруусу зарыл.

-Мисалга алсак, коомдук байкоочу кеңештер толук мүчөлөрү менен эки жылга шайланып, кайра эки жылдан кийин кетишчү. Эми биз сунуштаган мыйзамга ылайык, ар бир мүчөсү 4 жылга шайланат, а коомдук байкоочу кеңештер иштей берет. Муну менен катар, коомдук байкоочу кеңештердин мүчөлөрү өзүн-өзү, же болбосо бири-бирин баалоого өтүшөт. Анткени, учурда жакшы иштебегендер, жөн эле катышып жүргөндөр бар. Ушундай жагдайды жоюп, биздин коом үчүн байкоочу кеңештердин таасирин күчөтүүнү көздөп жатабыз.

Мамлекеттик органдардын Коомдук байкоочу кеңештерин түзүү токтому 2010-жылы чыккан. 2014-жылы мыйзам кабыл алынып кеңештердин максат-милдеттерине өзгөртүүлөр кирген. Бирок, ушул күнгө чейин айрым мамлекеттик органдарды коомдук кеңештери түзүлө электигин Экономика министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Ноокат Идрисов моюнга алат.

— Бүгүнкү күнгө чейин айрым мекемелердин коомдук байкоочу кеңеши түзүлгөн эмес. Ошол эле учурда, бир убакытта 36 мамлекеттик органга 400дөн ашык байкоочу топ түзүү кыйын экен. Ошондуктан, жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, алар эми 4 жылга ар бири өзүнчө шайланат. Негизи Коомдук байкоочу кеңештер өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бекер, коомдук негизде иштеп беришет. 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин төрайымы Гүлсана Кангелдиева байкоочу кеңештердин мүчөлөрүнө талапты катуу койбош керек деп эсептейт. Анткени, алар ансыз да коомчулук үчүн мамлекеттик органдардын ишин тескеп, акысыз эмгектенишет. Ошол эле учурд,а ар бир байкоочу кеңештин мүчөсү жоопкерчиликти сезиши керек.

— Коомдук байкоочу кеңештерге ыктыярдуу түрдө келишет. Ошондуктан, аларды электен өткөрүүдө өтө катуу талап коюлса эч ким келбей коет. Мен ойлойм, ар бир адамдын өзүнүн абийири болуш керек. Ошол эле учурда, кайсы бир мекеменин, же өз кызыкчылык үчүн эмес, өлкө келечеги үчүн иштейли десек өзүбүздө да жоопкерчиликти сезишибиз зарыл. 

Бүгүнкү күндө байкоочу кеңештер тууралуу бир гана мыйзам болгондуктан, анын таасири күчтүү болбой жатканын айткандар бар. Көп учурларда мамлекеттик ведомстволор да байкоочу кеңештерге кайдыгер мамиле жасап коюшканын да угуп жүрөбүз.

http://maralfm.kg/archives/234029?s=%D0%BA%D0%BE%D0%BE%D0%BC%D0%B4%D1%83%D0%BA+%D0%BA%D0%B5%D2%A3%D0%B5%D1%88%D1%82%D0%B5%D1%80


добавлен: 21.07.2017 11:23
просмотров: 882